Табигый илимдер дисциплиналары кафедрасынын окутуучулары Жалал-Абад эл аралык университетине расмий жолугушууга барып келишти.
2026-жылдын 3- апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын өкүлдөрүнөн турган делегация Жалал-Абад эл аралык университетине барып расмий жолугушуу болуп өттү. Делегацияны жетектеп ТИД кафедрасынын башчысы х.и.к., доцент Г.Г. Омурзакова, б.и.к., доцент Н.А.Абдыганыев, б.и.к., доцент Г.К.Касиева, ф-м.и.к., доцент М.М.Садырова, ф-м.и.к. доцент Б.А. Каденова, окутуучу Б.М.Атакулова жана башкалар барышты. Расмий сапардын жүрүшүндө Жалал-Абад эл араык университетинин жетекчилиги: президенти, профессор Ж.Т. Арынбаев жана ректор М.Р. Нарбаев тарабынан жумушчу жолугушуу жана жылуу тосуп алуу болду. Сапардын программасынын алкагында биргелешкен иш-чаралардын пландарын талкулоо жана меморандумдарга кол коюу боюнча тегерек стол болуп өттү. Сапар учурунда университеттин ишмердүүлүгү, медицина факультетинин түзүмү, окуу процессин уюштуруу жана академиялык, илимий- изилдөө жана методикалык иштерди өнүктүрүүнүн негизги багыттары менен таанышты. Жолугушууда тараптар медициналык билим берүү жаатындагы университеттер аралык кызматташуунун келечеги, бидим берүү программаларын өркүндөтүү, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен изилдөө иш-чаралары жана окутуу тажрыйбасы менен алмашуу маселелерин талкуулашты. Табигый илимдерин окутууга, алардын студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүдөгү маанисине жана фундаменталдык жана клиникалык окутууну интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүно өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү андан ары кеңейтүүгө, кызматашуу жөнүндө меморандум даярдоого жана биргелешкенибилим берүү, илимий жана методикалык иш- чараларды ишке ашырууга өз ара кызыкчылыктарын билдиришти. Өнөктөштүктү чыңдоонун, мыкты тажрыйбалар менен алмашуунун, биргелешкен илимий жана методикалык иш-чараларды өткөрүүнүн жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталганидемилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Кафедранын биофизика предметинин окутуучулары ф.м.и.к, доцент Садырова М.М.
жана ф.м.и.к., доцент Каденова Б.А. сабак учурунда











