Жанылыктар

Менеджмент предмети боюнча VI Эл аралык студенттик олимпиадада ОшМУ ЭБиМ командасы 3-орунду ээледи.

2026-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономика жана бизнес жогорку мектебинин «Менеджмент» кафедрасы тарабынан «Менеджмент» предмети боюнча ЖОЖдор ортосунда VI Эл аралык студентик олимпиадасы өткөрүлдү. Анда Россиядан 2, Казакстандан 1, Узбекстандан 1, Кыргызстандагы 13 ЖОЖдун ичинен ОшМУнун ЭБиМ командасы 3-орунду ээледи.

«Сыйлык сизге – сыймык бизге» чакырыгы алкагында «Менеджмент», «Бизнести башкаруу», багытынын студенттери Абдимиталипов Алмаз, Каримов Салимбай, Маматалиева Айгерим, Салиева Айжананы жана аларды жетектеп барган «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти К.Ш. Сакибаевди жараткан ийгилиги менен куттуктайбыз.

31 17:21 05-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|