Ден соолук – улут байлыгы» аттуу волейбол турниринин жыйынтыгы
02:34
06-04-2026
215
Кыргыз-Кытай факультетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгынын алкагында «Ден соолук – улут байлыгы» аттуу волейбол турнири өткөрүлүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Аталган спорттук иш-чарага факультеттин студенттери жана окутуучулары активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги оюн көргөзүштү.
Турнирдин жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү аталды:
1-орун – агайлар командасы
2-орун – 2-курс филология багытынын студенттери
3-орун – 1-курс кытай таануу багытынын студенттери
Мындан тышкары, айрым катышуучулар өзгөчө жетишкендиктери үчүн атайын номинациялар менен сыйланышты: «Мыкты оюнчу», «Байланыштыруучу», «Коргоочу» жана «Чабуулчу».
Бул турнир студенттер менен окутуучулардын ортосундагы ынтымакты чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана спорттук маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Иш-чаранын өткөрүлүшүнө колдоо көрсөткөн демөөрчү, факультеттин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Кошбаев Арзыбекке терең ыраазычылык билдиребиз.