Haber

ПЦКнын окутуучусу А. Эдилбекова жана фармация адистигинин студенттери Бишкектеги "MedExpo Kyrgyzstan" эл аралык көргөзмөсүнө катышты

2026-жылдын 1-2-апрель күндөрү өткөн бул масштабдуу иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинин Фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу А. Эдилбекова жана фармация адистигинин студенттери кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында Бишкек шаарында өткөн саламаттыкты сактоо боюнча эл аралык адистештирилген "MedExpo Kyrgyzstan" көргөзмөсүнө барып келишти. Көргөзмөнүн алкагында төмөнкү багыттар менен таанышуу болду: Заманбап медициналык аппараттар жана жабдыктар; Жаңы муундагы медициналык препараттар жана фармацевтикалык каражаттар; Саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялык технологиялар. Бул сапардын алкагында окутуучулар жана студенттер эл аралык эксперттер менен пикир алышып, алдыңкы фармацевтикалык компаниялардын продукциялары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Алган маалыматтар жана тажрыйбалар колледждин окуу процессинде, өзгөчө практикалык сабактарда кеңири колдонулмакчы. Мындай эл аралык аянтчаларга катышуу — биздин студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, келечекте өз ишин мыкты билген, атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп жетилишине чоң түрткү берет.
60 03:33 06-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|