Haber

Медицина факультетинин профкому окутуучуларды 8-март майрамы менен куттуктады

Медицина факультетинин профкому окутуучуларды 8-март майрамы менен куттуктады ОшМУнун Медицина факультетинин кесиптик бирлиги (Профком) айымдардын эл аралык 8-март майрамына карата өзгөчө белектерди тапшырды. Майрамдык салтанаттын алкагында факультеттин профкому тарабынан окутуучулардын жана кызматкерлердин иштөө шарттарына кам көрүү максатында, факультетке караштуу 24 кафедранын ар бирине заманбап термопоттор белекке берилди. Бул демилге кафедралардагы жагымдуу атмосфераны чыңдоо жана окутуучулардын тыныгуу учурунда ыңгайлуу шарттарда чай ичип, эс алуусуна өбөлгө түзүү максатын көздөйт. Медицина факультетинин Профбюросунун төрагасы: "Биздин факультеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан айымдарыбызды жаз майрамы менен куттуктайбыз. Бул чакан белектер кафедралардагы жылуулуктун жана ынтымактын белгиси болсун. Сиздердин эмгегиңиздер ар дайым бааланат," - деп белгиледи. Кафедра башчылары жана окутуучулар курамдары көрсөтүлгөн көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдиришип, бул белектер күнүмдүк иште абдан керектүү экенин айтышты. Медицина факультетинин Профкому – ынтымактын жана камкордуктун тиреги!
52 04:06 06-04-2026

                 

Haber

|< 1 >|