Медицина факультетинде Нооруз майрамы жана Ооз ачар кечеси жогорку деңгээлде өткөрүлдү
04:25
06-04-2026
61
Медицина факультетинде Нооруз майрамы жана Ооз ачар кечеси жогорку деңгээлде өткөрүлдү 18-март күнү ОшМУнун Медицина факультетинин кесиптик бирлиги (Профком) тарабынан Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Майрамдык программа эки бөлүктөн туруп, алгач факультеттин жамааты үчүн атайын даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын алкагында кафедралар арасында "Мыкты дасторкон" сынагы өткөрүлүп, анда улуттук тамак-аштардын түрлөрү, Нооруздун башкы тамагы болгон сүмөлөк жана кыргыз элинин каада-салттары даңазаланды. Бул күнү майрамдык маанай менен бирге, ыйык Рамазан айынын урматына карата союш союлуп, факультеттин жалпы жамаатына ооз ачар (сый тамак) берилди. Ынтымакты бекемдеген бул кечеде окутуучулар жана кызматкерлер үчүн ак тилектер айтылып, бата кылынды. Медицина факультетинин Профкомунун төрагасы: "Бул иш-чаранын негизги максаты — жаз майрамын тосуп алуу менен бирге, жамаатыбыздын ынтымагын арттыруу жана ыйык Рамазан айында бири-бирибизге сый-урмат көрсөтүү. Нооруз берекенин, ал эми орозо сабырдуулуктун майрамы. Баарыбыздын ишибизге ийгилик, үй-бүлөбүзгө амандык каалайм," - деп билдирди.
Медицина факультетинин Профкому — ынтымактын жана каада-салттын сакчысы!