Жанылыктар

ФИЗИКА ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: ЭҢ КҮЧТҮҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ

2026-жылдын 1-апрелинде Финансы-юридикалык колледжинин базасында физика предмети боюнча олимпиаданын жыйынтыктоочу 2-туру өттү. Бул чечүүчү этапта Эл аралык билим берүү программалары колледжинен (КМОП) жана ФЮКтан тандалып алынган эң күчтүү 12 студент теориялык жана эксперименталдык тапшырмалар боюнча күч сынашты. Физика-математика ПЦКсынын окутуучулары тарабынан текшерилген иштердин жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеңүүчү деп табылышты: 1. Абдыбакыева Айпери — 1-орун (Абдимуталипова З) 2. Мирзалимова Ясмина — 2-орун(Абдимуталипова З) 3. Мырзаматова Асель — 3-орун(Ыманов У.) 4. Абжалилова Анаркан — 4-орун(Ыманов У.) Бардык жеңүүчүлөрдү так илимдер багытындагы ийгиликтери менен чын дилибизден куттуктайбыз!
18 04:37 06-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|