ФИЗИКА ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: ЭҢ КҮЧТҮҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ
04:37
06-04-2026
15
2026-жылдын 1-апрелинде Финансы-юридикалык колледжинин базасында физика предмети боюнча олимпиаданын жыйынтыктоочу 2-туру өттү. Бул чечүүчү этапта Эл аралык билим берүү программалары колледжинен (КМОП) жана ФЮКтан тандалып алынган эң күчтүү 12 студент теориялык жана эксперименталдык тапшырмалар боюнча күч сынашты.
Физика-математика ПЦКсынын окутуучулары тарабынан текшерилген иштердин жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеңүүчү деп табылышты:
1. Абдыбакыева Айпери — 1-орун (Абдимуталипова З)
2. Мирзалимова Ясмина — 2-орун(Абдимуталипова З)
3. Мырзаматова Асель — 3-орун(Ыманов У.)
4. Абжалилова Анаркан — 4-орун(Ыманов У.)
Бардык жеңүүчүлөрдү так илимдер багытындагы ийгиликтери менен чын дилибизден куттуктайбыз!