Жанылыктар

математика боюнча олимпиада

2026-жылдын 1-апрелинде Финансы-юридикалык колледжинде (ФЮК) математика боюнча олимпиаданын чечүүчү 2-туру болуп өттү. Тандоо турунан ийгиликтүү өткөн Эл аралык билим берүү программалары колледжинин (КМОП) жана ФЮКтун студенттери финалдык баскычта күч сынашты. Жалпысынан 16 студент татаал логикалык маселелерди чечип, өздөрүнүн билим деңгээлин далилдешти. Физика-математика ПЦКсынын окутуучулары тарабынан уюштурулган бул таймаштын жыйынтыгында төмөнкү студенттер алдыңкы орундарды ээлешти: 1.Раимжанов Жумадыл — 1-орун (Калдыбаева Г.) 2.Маширабова Жумагул — 2-орун (Туленбаева Р.А.) 3.Сухбатиллаев Бахтияр — 2-орун( Акназар кызы Канайым) 4.Майсалбеков Нурэл — 3-орун ( Акназар кызы Канайым) 5.Кубанычбекова Асемай — 4-орун (Арыков А) Жеңүүчүлөрдү ийгилиги менен куттуктайбыз!
21 04:44 06-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|