Новости

STEM инновациялык колледжинин окутуучулары эл аралык конгрессте

STEM инновациялык колледжинин окутуучулары З.А. Низамиева жана Н.Д. Байназарова, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору А.Г. Низамиевдин жетекчилиги алдында 24–27-март күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында түрк дүйнөсүнүн географтарынын III эл аралык конгрессине катышып келишти. Анда З. А. Низамиева «Сулайман-Тоону рекреациялык пайдалануу жана коргоо» темасында баяндама жасады. Алар уникалдуу тарыхый жана жаратылыш объектисин туризмде туура, натыйжалуу пайдалануу маселелерине токтолушту. Иш-чарага катышкан кыргызстандык өкүлдөр илимий баяндама менен чыгып, айрыкча аймактык туризмди өнүктүрүү, жаратылыш объектилерин коргоо жана аларды туруктуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, З.А. Низамиева «Сулайман-Тоону рекреациялык пайдалануу жана коргоо» аттуу темада мазмундуу баяндама жасап, анда бул уникалдуу тарыхый-маданий жана жаратылыш объектисин сактоо менен бирге туризмде натыйжалуу пайдалануунун жолдорун сунуштады. Баяндамада Сулайман-Тоонун экологиялык абалын жакшыртуу, туристтик агымды жөнгө салуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске алуу маселелери илимий негизде каралды.
48 07:48 06-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|