Новости

Термездеги академиялык мобилдүүлүк: Махабат Мамырованын конок-лекциясы

2026-жылдын 2-4-апрель күндөрү Өзбекстан Республикасынын Термез мамлекеттик университетинин чакыруусу менен академиялык мобилдүүлүктү чыңдоо жана эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында Журналистика кафедрасынын улук окутуучусу Махабат Мамырова аталган окуу жайда конок-лекция өтүп келди. Махабат Мамырова “Журналистика Орто Азия элдеринде: ЖМКда басма сөздүн коомдогу орду” жана “ЖМКда майыптык темасын чагылдырууда медиа сабаттуулук ролу” деген темаларда лекция окуп, анда маалымат каражаттарынын коомдук турмуштагы ролу, басма сөздүн тарыхый өнүгүшү жана азыркы чакырыктары кеңири талкууланды. Конок-лекциянын жүрүшүндө академиялык мобилдүүлүктүн мааниси, илимий жана чыгармачылык байланыштарды бекемдөө зарылдыгы айтылып, мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Термез мамлекеттик университетинин жетекчилиги жана студенттери Махабат Мамырованын лекциясын жогору баалап, бул жолугушуу эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы достук мамилелерди чыңдап, журналистика багытындагы жаңы идеялардын жана практикалык тажрыйбалардын алмашуусуна жол ачканын белгилешти.
18 08:03 06-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|