Новости

ОШМУНУН ОКУТУУЧУСУ ТАШКЕНТ ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУНДА БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТҮП КЕЛДИ

Ош мамлекеттик университети менен чет элдик окуу жайлардын ортосундагы эки тараптуу келишимдердин негизинде сырткы академиялык мобилдүүлүк программасы жигердүү ишке ашырылууда. Бул программанын алкагында, ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Абдымомунова Буниса Аметжановна Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарындагы кадыр-барктуу окуу жайлардын бириболуп эсептелген Ташкент химиялык технологиялар институтунда 2026-жылдын 16-мартынан 28-мартына чейин "Биотехнология" багытында квалификациясын жогорулатып кайтты. Окутуу учурунда биотехнология, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу, ошондой эле менеджмент багыттары боюнча заманбап илимий усулдар жана технологиялар менен таанышуу болду. Эки жумалык интенсивдүү окуу курсунун жыйынтыгында Буниса Аметжановна өзүнүн кесиптик деңгээлин ийгиликтүү тастыктап, атайын үлгүдөгү Эл аралык маанидеги Сертификатка ээ болду. Бул иш сапар окутуучунун илимий-педагогикалык тажрыйбасын арттыруу менен бирге, ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана коңшу мамлекеттин алдыңкы институттары менен илимий байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Окуу жайыбыздын жамааты Буниса Аметжановнаны кезектеги ийгилиги менен куттуктап, илимий иштерине албан-албан жетишкендиктерди каалайт!
46 08:16 06-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|