ОшМУнун окутуучулары “Аял — мекендин сакчысы” аттуу тегерек столго катышышты
08:26
06-04-2026
39
Эл аралык Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КӨЭАУ) STEM колдонмо кесиптер колледжинин чакыруусу менен маанилүү иш-чара болуп өттү. Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” унгужолунун алкагында уюштурулган “Аял — мекендин сакчысы” аттуу тегерек столго Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучулары конок катары катышып келишти.
Иш-чарага ОшМУнун атынан тажрыйбалуу окутуучулар Абдымомунова Буниса Аметжановна жана Садыкбекова Айкокул Омаракуновна атайын чакыруу менен барышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө аялзатынын коомдогу орду, мамлекеттин туруктуулугун сактоодогу ролу жана STEM багытындагы айымдардын илимге кошкон салымы тууралуу кызуу талкуулар орун алды. ОшМУнун өкүлдөрү өз баяндамаларында аялдардын интеллектуалдык жана моралдык потенциалы мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин баса белгилешти.
Талкуунун жыйынтыгында, эки окутуучунун тең терең мазмундуу ойлору жана жигердүү катышуусу жогору бааланды. Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинин эмгек жамааты тарабынан Буниса Аметжановнага жана Айкокул Омаракуновнага ыраазычылык билдирилип, атайын Ыраазычылык каттар жана эстелик белектер тапшырылды.
Бул иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы тажрыйба алмашууну бекемдеп, STEM багытындагы кыз-келиндердин коомдук иштердеги активдүүлүгүн арттырууга багытталган кадамдардын бири болду.