ПЦКнын окутуучулары Андижан шаарында конок лекцияларды жана мастер-класстарды өтүштү
03:43
07-04-2026
41
Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжи менен Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы «AYLIM» медициналык техникумунун ортосундагы түзүлгөн келишимдин алкагында, мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашырылды. Иш сапардын алкагында колледжибиздин тажрыйбалуу окутуучулары жана таланттуу студенттери коңшу өлкөдө кесиптик тажрыйба бөлүшүп келишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Фармация багытындагы адистер өзгөчө активдүүлүк көрсөтүп, заманбап фармацевтиканын актуалдуу маселелери боюнча төмөнкүдөй окууларды өткөрүштү:
Айгул Зулпукарова: «Суппозиторийлер жана аларды даярдоо ыкмалары» деген темада тереңдетилген практикалык сабак өттү.
Нуржамал Омурзакова: «Өсүмдүктөрдүн биологиялык активдүү заттары жана аларды косметикалык дары формаларын өндүрүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү» аттуу илимий лекциясын окуду.
Жыпаргул Талипова: «Анальгетиктер» боюнча баалуу маалыматтарды камтыган лекция сунуштады.
Кенжекан Исакова: «Витаминдер» темасында кызыктуу мастер-класс уюштурду.
Бул эл аралык иш-чарага «Фармация» адистигинин 2-курсунун студенттери Айдай Мааразакова, Гулназ Иманова жана Нурнази Осмонова катышып, өз билимдерин практикада бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Аларга жооптуу окутуучулар катары Н. Омурзакова, А. Зулпукарова, К. Исакова жана Ж. Талипова жетекчилик кылышты.
Медициналык колледждин директору, доцент Замирбек Арынов белгилегендей, мындай мобилдүүлүк программалары медициналык билим берүүнүн сапатын арттырууда жана эл аралык байланыштарды чыңдоодо чоң мааниге ээ. Сапардын жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосундагы тажрыйба алмашуу мындан ары да тереңдетиле тургандыгы белгиленди.