Haber

ОшМУнун медицина факультетинде олимпиада өттү

2026-жылдын 4-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын негизинде студенттик олимпиада уюштурулду. Иш-чаранын уюштуруучулары мамлекеттик тилдин адистик предметтерде колдонулушуна, студенттердин кеп маданиятына жана терминдерди туура пайдалануу өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурушту. Медицина багытындагы олимпиаданын мамлекеттик тилде өтүшү жана студенттердин ойлорун эркин жеткире алышы жүрөк жылыткан көрүнүш болду. Иш-чарага ОСМК бөлүмүнүн башкы адиси Нуржамал Эгембердиева катышты.
113 10:05 07-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|