“Кыргыз тили жана адабияты”, “Орус тили жана адабияты” жана “Кыргызстан тарыхы” сабактарынан олимпиада
11:02
07-04-2026
35
6-апрель 2026-жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжи тарабынан 9 база 1-курстар арасында “Кыргыз тили жана адабияты”, “Орус тили жана адабияты” жана “Кыргызстан тарыхы” предметтери боюнча колледждер аралык шаардык олимпиада уюштурулду.
Иш-чарага ОшМУнун Эл аралык Билим берүү программалары колледжи (ЭАББП ), Финансы-юридикалык колледжи (ФЮК), Индустриалдык-педагогикалык колледжи (ИПК), “Мурас” инновациялык колледжи, ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи, ОшМПУнун колледжи, КӨЭАУнун Билим берүү инновациялар колледжи, медициналык колледжи жана STEM колдонмо кесиптер колледжинин студенттери катышты. Иш-чарага ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттери “Кыргызстан тарыхы” предмети боюнча катышып байгелүү орундарга ээ болушту.
1-орун — Ф. Сайитова Аяс 9-1-25. Даярдаган окутуучу Абдырахманова А.А.
2-орун — А. Алибаева Аяс 9-2-25. Даярдаган окутуучу Сыдыкова М.Т.
3-орун — Т. Сыдыкова Аяс 9-1-25. Даярдаган окутуучу Абдырахманова А.А. жана А. Райимбаева Пдкк 9-1-25 Даярдаган окутуучу Ормонова А.Т.
КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева жеңүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду жана ыраазычылык каттарды тапшырды.