Жанылыктар

7- апрель Бүткүл дүйнөлүк "Ден-соолук күнү"

"Аскердик медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу" кафедрасында 2026-жылдын 7-апрелинде, Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата дарылоо иши адистигинде окуган ЛК-7-23, ЛК-19-23, ЛК-21-23, ЛК-8-23, ЛК-25-23 тайпалары арасында Флешмоб өткөрүлдү. Бул иш-чара кафедранын окутуучулары Перханова Ы.А., Ч.Мамажакып уулу, Жусупбаев Н.А.,Махмудова Н.Ш., Эрмекбаев Н.Ж. тарабынан уюштурулду.Кафедра башчы доцент Т.Т.Орозматов ден-соолуктун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди. Бул иш чараны өткөрүүгө Факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын кафедра башчысы Атабаев Алмаз жана кафедра окутуучусу Уланбек уулу Курсантбек жакындан жардам беришти.
52 05:56 08-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|