Haber

«Тикмечи-бычмачы» курсу өз максатына жетти

Бүгүнкү күндө колледжибиз эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо багытында алгылыктуу кадамдарды таштап келет. Бул алкакта окуу жайдын "Алдыңкы тажрыйба борборунда" окутуучулар жана студенттер үчүн уюштурулган, 72 сааттык теориялык жана практикалык сабактарды камтыган «Тикмечи-бычмачы» курсу өз максатына жетти. Бул демилге окутуучулардын кесиптик тажрыйбасын жаңылоого жана студенттердин окуудан сырткары кошумча кесиптик көндүмдөргө ээ болуусуна шарт түздү. Угуучуларды кабыл алуу жана окутуу процесси 16.02.2026-жылдагы № 751-ФХД/26 жана № 750-ФХД/26 буйруктарынын негизинде жүргүзүлдү. Курстун толук программасын ийгиликтүү өздөштүргөн 50 катышуучуга окууну аяктагандыгы тууралуу расмий үлгүдөгү "Тикмечи-бычмачы" сертификаттары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул кадам окуу жайыбыздын кыска мөөнөттүү кесиптик билим берүүдөгү потенциалын дагы бир ирет тастыктады.
35 11:11 08-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|