Новости

Саламдашуу адеби

Колледжде студенттердин руханий-адептик маданиятын калыптандырууга багытталган “Саламдашуу адеби” аттуу мазмундуу баарлашуу өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулуп, жаш муунга улуттук баалуулуктарды даңазалоону максат кылды. Баарлашууга Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, кадырлуу устат Асылбек Бекиевич Айтманбетов катышып, саламдашуунун коомдогу орду, тарбиялык мааниси жана улуттук маданияттагы өзгөчөлүктөрү тууралуу терең баяндама жасады. Ал жаштарды адептүүлүккө, бири-бирин урматтоого жана улуттук мурастарды сактоого чакырды. Иш-чаранын жүрүшүндө көркөм адабияттардан жана тасмалардан үзүндүлөр сунушталып, тема интерактивдүү форматта уланды. Студенттер өз ойлорун ортого салып, саламдашуунун түрлөрүн практикалык жактан көрсөтүп беришти. Жандуу өткөн баарлашуу улуттук баалуулуктарды, эне тилди жана маданий мурастарды урматтоону бекемдеп, студенттердин мекенчилдик сезимин арттырууга өбөлгө түздү. Иш-чаранын соңунда чыгармачыл студенттер өз өнөрлөрүн тартуулап, катышуучуларга жакшы маанай тартуулашты. Иш-чара филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары Замира Апышова жана Канымбү Коңурбай кызы тарабынан уюштурулду.
26 17:53 08-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|