Жанылыктар

КОЛЛЕДЖДЕР АРАСЫНДА ОЛИМПИАДА- ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ

2026-жылдын 6-апрелинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинде 9-класстын базасындагы 1-курс студенттери арасында кыргыз тили, кыргыз адабияты, орус тили, орус адабияты жана тарых предметтери боюнча колледждер аралык олимпиада өткөрүлдү. Жыйынтык боюнча: Кыргыз тили предмети: 1-орун: Касимова Муштарибону – окутуучусу Садык кызы Жаңылмырза 4-орун: Исаева Мадина – окутуучусу Курбаналиева Жыпаргүл 4-орун: Миталипова Сезимбүбү – окутуучусу Темирова Нурила Орус тили предмети: 4-орун: Хамидуллаева Района – окутуучусу Асанбаева Бермет Акушовна Бардык жеңүүчүлөр ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Бул жетишкендиктер студенттерибиздин талбаган эмгеги жана мугалимдерибиздин натыйжалуу сабактарынын жыйынтыгы болуп саналат. Студенттерибиз Ош мамлекеттик университетине жана ИПКга сыймык алып келе беришсин, беделибиз мындан да жогорулай берсин!
32 18:04 08-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|