News

Кыргыз-Кытай факультетинде “Азыркы глобалдык чакырыктардын контекстинде социалдык-гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

2026-жылдын 8-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде өткөн “Азыркы чакырыктардын контекстиндеги социалдык-гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өзүнүн катышуучуларынын курамы жана географиялык алкагы менен өзгөчөлөндү. Академик Осмон Асанкулович Тогусаковдун жаркын элесине арналган бул иш-чарада дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген көрүнүктүү окумуштуулар куттуктоо сөздөрү жана илимий баяндамалары менен чыгып сүйлөштү. Конференциянын ачылышында жана пленардык жыйынында ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, ф.-м.и.д., профессор Турсунов Д.А.; К.Карасаев атындагы БГУнун ректору, г.и.д., профессор Дылдаев М.М.; КР Президентине караштуу КР УИАнын А.Алтмышбаев атындагы Философия институтунун директору, ф.и.д., профессор Саралаев Н.К.; КР УИАнын Философия институтунун бөлүм башчысы, ф.и.д., профессор Козубаев О.К.; –; БГУнун профессору, ф.и.д. Ботоканова Г.Т. сыяктуу таанымал илим ишмерлери өз ойлорун ортого салышты. Ал эми Эл аралык эксперттерден Эл аралык ишкердик профессордук клубдун президенти (Италия), ф.и.д., академик Бахтин М.В., Астана Эл аралык университетинин профессору, п.и.д. (Казакстан) Баубекова Г.Ж., Навои мамлекеттик тоо-кен жана технологиялык университетинин проректору, т.и.д., профессор (Өзбекстан) Аликулов Ш.Ш., Челябинск мамлекеттик университетинин Костанай филиалынын профессору, ф.и.к. (Казакстан) Качеев Д.А., “Ouyu Huatong (Beijing) Trading Co.Ltd.” компаниясынын башкы директорунун орун басары (Кытай) Чэнь Синьлей илимий-талкууда өз ойлорун кеңири айтып, талкууга катышышты. Илимий талкуулар секцияларда уланып, Э.К. Шарипова, Г.Т. Ботоканова, М.К. Сейдалиева, Т.М. Абдыкаарова модераторлук кылышты. Студенттердин жана аспиранттардын баяндамаларында жасалма интеллекттин ролу, биоэтика, экологиялык аң-сезим жана конфуцийчилик менен кыргыз баалуулуктарынын айкалышы сыяктуу заманбап темалар козголду. Конференциянын жыйынтыгында төмөнкү резолюция кабыл алынды: РЕЗОЛЮЦИЯ Ош шаары 08-апрель 2026-жыл 2026-жылдын 8-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде өткөн Эл аралык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар бир добуштан Резолюцияны кабыл алышты. Бул документ санариптештирүү доорунда улуттук баалуулуктарды сактоо жана социалдык философияны өнүктүрүү боюнча маанилүү кадамдарды аныктайт. Резолюциянын негизги чечимдери: - Академик Осмон Асанкулович Тогусаковдун илимий мурасы кыргыз элинин иденттүүлүгүн жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын изилдөөдө негизги багыт берүүчү булак катары таанылсын; - Глобалдык чакырыктар шартында жаш окумуштууларды тарбиялоо аркылуу улуттун «интеллектуалдык калканын» калыптандыруу артыкчылыктуу милдет деп эсептелсин; - Социалдык философия жаатындагы междисциплинардык изилдөөлөрдү улантуу, анда салттуу руханий-ахлактык баалуулуктарды заманбап санариптик коомдун контекстине интеграциялоо сунушталды; - Жаштардын маданий иденттүүлүгүн чыңдоо максатында окуу программаларына академик О.А. Тогусаковдун эмгектерине негизделген курстарды киргизүү сунушталды; - Мурда өткөрүлүп келген илимий жолугушууларды салтка айлантып, “Тогусаков окуулары” аталышындагы ата мекендик жана чет элдик изилдөөчүлөрдүн туруктуу тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү чечими кабыл алынды; - Конференциянын илимий жыйынтыктары мамлекеттик идеология жана маданий өнүктүрүү программаларын (анын ичинде КР Президентинин “Уңгу жол” жарлыгынын жоболорун) ишке ашырууда эске алынышы керектиги белгиленди.
186 07:28 09-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|