Новости

Теология факультетинде дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу башталды - 08,04,26

ОшМУнун теология факультетинде дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу башталды Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде «Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу» башталды. Бул демилге Ош мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмү, Туркия диянет вакфы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда. Аталган курс Ош облусу жана Ош шаарынан келген 50 дин кызматкерин камтып, алардын кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Курстун окуу программасы дин жаатындагы актуалдуу маселелерди, салттуу ислам түшүнүгүн, дин жана укук, диний экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу, мазхабтар тарыхы, улуттук маданият жана дин сыяктуу темаларды камтып, коомдогу дин кызматкерлеринин ролун жана жоопкерчилигин тереңдетип үйрөнүүгө шарт түзөт. Долбоордун негизги максаты — дин кызматкерлеринин илимий жана практикалык кесипкөйлүгүн күчөтүү, өлкөбүздөгү руханий адеп-ахлакты бекемдөө, жана коомдо туура диний түшүнүктү жайылтууга өбөлгө түзүү болуп саналат.
86 09:54 09-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|