Жанылыктар

520200-Биология программасынын PhD-докторанты илимий стажировкада

2026-жылдын 06-апрелинен 18-апрелине чейин Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун 520200-Биология программасынын PhD-докторанты Бопоев Нурбек Омурзакович илимий жетекчиси, б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович менен чогуу Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин медицина факультетинин анатомия жана физиология кафедрасына илимий-изилдөө стажировкасын өтөөгө барышты.Бул стажировка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №517 токтому менен бекитилген “Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартибинин” 17-пунктуна ылайык жүргүзүлүүдө. Ага ылайык, PhD-докторант окуу процессинин жүрүшүндө эки жумадан кем эмес мөөнөткө чет өлкөлүк илимий-изилдөө стажировкадан жана/же практикадан өтүүгө милдеттүү.

Илимий-изилдөө стажировкада докторант өзүнө тиешелүү компетенцияларын өнүктүрүүгө, академиялык тажрыйба алмашууга, илимий лабораториялык изилдөөлөргө жана заманбап методдорду өздөштүрүүгө багытталган.

Программанын алкагында докторант диссертациялык изилдөөлөрүнүн темаларынын үстүндө иштейт, илимий консультацияларга катышат жана актуалдуу илимий маселелерди талкуулашат. Бопоев Нурбек Омурзаковичти Медицина факультетинин деканы, чет элдик жетекчиси б.и.д., профессор - Абдуллаев Гофуржан Рахимжанович өзү тосуп алып илимий тажырайбалары бөлүштү.

Илимий стажировканы ишке ашырууда докторант өзүнүн илимий изилдөөлөрүнүн сапатын жогорулатууга жана жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошот. Илимий иштери боюнча отчетту кафедрада тапшырат.

149 11:04 09-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|