Haber

520200-Биология программасынын PhD-докторанты илимий стажировкада

2026-жылдын 06-апрелинен 18-апрелине чейин Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун 520200-Биология программасынын PhD-докторанты PhD-докторант Бопоев Нурбек Омурзакович илимий жетекчиси, б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович чогуу Наманган мамлекеттик медициналык университетине (Өзбекстан Республикасы) анатомия жана физиология кафедрасына илимий-изилдөө стажировкасын өтөөгө барышты.

Илимий-изилдөө стажировкада докторант өзүнө тиешелүү компетенцияларын өнүктүрүүгө, академиялык тажрыйба алмашууга, илимий лабораториялык изилдөөлөргө жана заманбап методдорду өздөштүрүүгө багытталган.

Программанын алкагында докторант диссертациялык изилдөөлөрүнүн темаларынын үстүндө иштейт, илимий консультацияларга катышат жана актуалдуу илимий маселелерди талкуулашат. Бопоев Нурбек Омурзаковичти Наманган медициналык мамлекеттик университетинин деканы, чет элдик жетекчиси б.и.д., профессор - Абдуллаев Гофуржан Рахимжанович өзү тосуп алып илимий тажырайбаларын бөлүштү.

Илимий стажировканы ишке ашырууда докторант өзүнүн илимий изилдөөлөрүнүн сапатын жогорулатууга жана жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошот. Илимий иштери боюнча отчетту кафедрада тапшырат.

148 11:04 09-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|