Курулуш колледжинде ата-энелер чогулуштары уюштурулду. Курулуш колледжинин 2026-жылдын 10-мартындагы административдик кеңешинин отурумунун №2 чечимине ылайык график бекитилип, ушул жылдын14-мартынан 1-апрелине чейин ата-энелер чогулуштары өткөрүлдү.
19:26
09-04-2026
163
Курулуш колледжинин 2026-жылдын 10-мартындагы административдик кеңешинин отурумунун №2 чечимине ылайык график бекитилип, ушул жылдын14-мартынан 1-апрелине чейин ата-энелер чогулуштары өткөрүлдү. Чогулушта төмөнкү маселелер каралды:
1. Сурамжылоо уюштуруу https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfxlTBfdU76coYwkIbo_AXAhH-l14mxpHcCoKqMZtobpJMSUQ/viewform?pli=1
2. Кураторлор тарабынан агымдын сабакка катышуусу жана жетишүүсү, кышкы сессиянын жыйынтыгы боюнча маалыматтар (баллдык журнал) берилди;
3. Келишимдик акынын төлөнүшү (көрсөткүчтөр);
4. Колледждин тарыхы, материалдык-техникалык базасы, түзүлгөн шарттар, окуу- тарбия иштеринин абалы, уюштурулган коомдук-маданий иш-чаралар, практикаларды уюштуруу, myedu.oshsu.kg системасы ж.б. боюнча маалыматтар берилди.
5. Суроо-жооп.
1-маселе боюнча ар бир куратор кышкы сессиянын жыйынтыгы менен агымдын студенттеринин жетишүүсүн позициялар боюнча маалыматтарды даярдап, ата-энелерге берилди. Ал маалыматтын негизинде балдарынын позицияларны көрүп, балдарды көзөмөлдөө зарылчылыктарын түшүнүштү.
2-маселе боюнча эки тараптуу келишимдин мөөнөттөрүнө ылайык төлөмдөрдү убагында төлөбөсө балдарга модул, экзамендер коюлбай тургандыгын билишти.
3-маселе боюнча директордун окуу иштери боюнча орун басары толук маалымат берди. Андан кийин чогулуш суроо-жооптор менен уланып, жыйынтыгында кышкы сессиянын жыйынтыгында алдыңкы ТОП-100гө кирген балдардын ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.