«Заманбап окутуучу» жана «Заманбап лектор» конкурстарынын ачык сабактары
03:56
10-04-2026
104
8-апрелде «Заманбап окутуучу» конкурсуна катышкан Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучусу Арыкова Нуржамал Турганбаевна жана ФЮКтун окутуучусу Юсупова Гулмира Махмудовна конкурстук сабактарын өткөрүштү.
9-апрелде «Заманбап лектор» конкурсуна МФТИТИнин улук окутуучусу Акматов Абдилазиз Алиевич катышып, сабак өттү.
10-апрелде Эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучусу Абдуматова София жана Медицина факультетинин окутуучусу Алибаева Айгул Абдираимовна өздөрүнүн конкурстук сабактарын сунушташты.
Бул иш-чаралар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө жана студенттер үчүн заманбап окутуу ыкмаларын жайылтууга багытталды.