News

ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда жыйынтыктоочу педагогикалык конференция өттү

2026-жылдын 7-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда күндүзгү бөлүмдүн 3-курс студенттеринин жыйынтыктоочу педагогикалык конференциясы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кесиптик-базалык педагогикалык практиканын жыйынтыктары боюнча өз презентацияларын сунуштап, отчетторун коргошту. Ошондой эле студенттер тарабынан методикалык материалдардан турган көргөзмө уюштурулду. Практика өткөн мектептердеги тажрыйба жана мугалимдердин ишмердүүлүгү тууралуу пикирлер айтылып, жетишкендиктер жана көңүл бурууну талап кылган маселелер белгиленди.

Конференциянын алкагында педагогикалык практиканы жогорку деңгээлде аткарган студенттер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Иш-чарага төмөнкү өкүлдөр катышты:
• ОшМУнун Практика жана карьера борборунун педагогикалык практикалар боюнча улук инспектору Султанов Ж. М.;
• Институттун педагогикалык практика боюнча жетекчиси Буранов Э. Ш.;
• Психология мугалими Сабирова М. М.;
• Педагогика мугалими Жусупова А. А.;
• Кафедра башчысы Шербаева З. Э.;
• Ошондой эле башка методисттер жана окутуучулар.

Конференция жемиштүү өтүп, студенттердин практикалык даярдыгын жыйынтыктоодогу маанилүү этаптардын бири болду.

114 05:14 10-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|