ЖАҢЫ МУУНДАГЫ “КЫРГЫЗ ТИЛИ” ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАЗУУГА АВТОРЛОР ТАНДАЛДЫ
05:35
10-04-2026
52
Жаңы муундагы “Кыргыз тили” окуу китептерин даярдоого авторлорду тандоо боюнча өткөрүлгөн экинчи республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Сынак өлкөнүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жана мектеп окуу китептерин жаңылоо максатында уюштурулду.
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, алардын катарында Зарина Абдышева да бар. Ал Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу болуп саналат.
Белгилей кетсек, авторлордун эмгектерин илимпоздордон жана тажрыйбалуу мугалимдерден турган калыстар тобу баалап, алардын илимий-педагогикалык деңгээли, методикалык даярдыгы жана жаңыланган билим берүү мазмунуна шайкеш иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү эске алынды.
Учурда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан кыргыз тили, география жана тарых предметтери боюнча улуттук окуу китептерин иштеп чыгуу иштери улантылууда.