News

К. А. Сооронбаева "Илим изилдөөдөгү плагиат маселеси" аттуу темада лекциялык ачык сабак өттү.

08.04.2026 күнү теология факультетинде 1- курстун студенттерине "Илимий изилдөөлөрдүн негиздери (ТӨМгө ылайык)" дисциплинасынан улук окутуучу К. А. Сооронбаева "Илим изилдөөдөгү плагиат маселеси" аттуу темада лекциялык ачык сабак өттү. Сабакка дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доц. Н.Арипов, окутуучу С. Тажибаев жана окуу-усулдук кеңешинин төрайымы А.Адылбек кызы катышты. Сабак кызыктуу материалдар менен жабдылып, студенттер активдүү катышышты. Сабакта учурда актуалдуу болуп жаткан сторителлинг, мээ чабуулу, лекция-презентация усулдары колдонулуп, сабакты бышыктоо санарип технологиялар аркылуу ишке ашты.
44 08:57 10-04-2026

                 

News

|< >|