Жанылыктар

ТИМ кафедрасынын улук окутуучусу Кожобекова П. Ж. Казакстандын математиктеринин Биринчи конгрессинде доклад жасады


2026-жылдын 3–7-апрель күндөрү Казакстандын Шымкент шаарында М. Ауэзов атындагы Түштүк Казакстан университетинин базасында Казакстандын математиктеринин Биринчи конгресси өткөрүлүп, ал ар түрдүү өлкөлөрдөн келген алдыңкы окумуштууларды жана жаш изилдөөчүлөрдү бириктирди.

Конгресстин алкагында «Тескери жана туура эмес коюлган маселелер: теория, колдонмолор жана ЖИ» аттуу эл аралык илимий конференция өтүп, анда ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын улук окутуучусу Кожобекова Пардаз Жумабаевна «Бир тектүү эмес биологиялык тканга чекиттик жана бөлүштүрүлгөн жылуулук таасиринин эффективдүүлүгүн салыштырма талдоо» темасында баяндама жасады.

Иш-чарага катышуунун максаты илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын сунуштоо, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашуу, тескери маселелерди чечүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулоо, ошондой эле математика, жасалма интеллект жана биомедицина тармактарында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында Пардаз Жумабаевнага Конгресстин катышуучусунун сертификаты тапшырылды. Уюштуруучулар баяндаманын жогорку деңгээлин белгилешип, бул сапар Ош мамлекеттик университети менен Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.
47 09:12 10-04-2026

                 

Жанылыктар

|< >|