Жанылыктар

Ишембилик — тазалык жана биримдиктин белгиси

Бүгүн, 11-апрель күнү, Кыргыз-Кытай факультетинде ишембилик уюштурулду. Иш-чарага факультеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты. Ишембиликтин жүрүшүндө факультеттин айлана-чөйрөсү тазаланып, аймак иретке келтирилди. Катышуучулар биргеликте эмгектенип, тазалыкты сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүштү. Мындай иш-чаралар студенттердин жоопкерчилигин жогорулатып, жамааттык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
197 04:27 11-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|