Бүгүн, 11-март күнү, Кыргыз-Кытай факультетинде ишембилик уюштурулду. Иш-чарага факультеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө факультеттин айлана-чөйрөсү тазаланып, аймак иретке келтирилди. Катышуучулар биргеликте эмгектенип, тазалыкты сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүштү.
Мындай иш-чаралар студенттердин жоопкерчилигин жогорулатып, жамааттык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.