Haber

12-жылдык билим берүүгө адаптациялоо

ОшМунун Квалификацияны жогорулатуу институту Кыргыз Республикасынын Агартуу минстрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашырууда жаңы муундагы окуу китептерин, окуу-методикалык комплекстерин адаптациялап, басмага даярдоо менен окуу куралдарына экпертизаларды жүргүзүү максатында 2026-жылдын 9-апрелинде ОшМУнун башкы корпусунда семинар өткөрүлдү. Семинарда жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин линиялык түзүлүшү, мазмуну, адаптациялоо процесси, сапаттуу окуу-методикалык комплекстери жөнүндө Агартуу министрлигинин эксперттери маалымат беришти жана талкуулар жүргүзүлдү.
84 05:05 11-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|