Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү мекемеси 12-жылдык билим берүү жана окуу куралдарына экспертизаларды жүргүзүү максатында математика, табият таануу окуу куралдары боюнча семинар 8- апрель күнү Ош шаарындагы номер 11- В. Терешкова жана 52 мектепте болду. Семинарга БББТМ кафедрасынын мүчөлөрү Д.А. Тагаева, Р. Турганбаева, Н. Капарова, К. Мурзабаевдер катышышты.