News

“Кыргыз Республикасынын 2021-жылкы Конституциясынын өзгөчөлүктөрү” темада конок лекция

2026-жылдын 31-мартында Ош МУнун Тарых-юридика Институту менен Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл Аралык университетинин юридика-экономикалык факультетинин ортосундагы түзүлгөн академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында, юриспруденция багытынын күндүзгү бөлүмүнүн 1-курстарынын студенттерине 2-парада, 09:30да “Конституциялык укук” предмети боюнча конок лекция өтүлдү. Конок лекция “Мамлекеттин, укуктун тарыхы жана теориясы” кафедрасынын доценти, ю.и.к. Бакирова Ш.М. тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2021-жылкы Конституциясынын өзгөчөлүктөрү” деген темада өтүлдү. Конок лекцияда студенттер активдүү катышып, кызуу талкуу жүрүп, актуалдуу маселелер чагылдырылды.
26 03:02 13-04-2026

                 

News

|< >|