Haber

Ош Мамлекеттик Университетинин ЭАББП колледжинде шаардагы колледждердин арасындагы студеттердин интелектуалдык оюну «Брейн-ринг» болуп өттү.

Ош шаарындагы колледждердин 1-курс студенттери арасында «Брейн-ринг» интеллектуалдык турнири өткөрүлдү. Иш-чара логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, дүйнө таанымды кеңейтүү жана критикалык ой жүгүртүүсүн жогорулатуу максатында уюштурулду. «Брейн-ринге» Б.Сыдыков атындагы Кыргыз –Өзбек Эл аралык университетинин STEM Колдонмо кесиптик колледжи, Академик М.Адышов атындагы Ош технологиялык университетинин гуманитардык –технологиялык колледжи, ОшМПУнун гуманитардык колледжи жана ЭАББП колледжинин командалары катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, эрудициясын жана командалык духун көрсөтүштү. Катышуучулар тарых, астрономия, география, кыргыз тили, матиматика жана физика предметтери боюнча суроолор камтылган жана кызыктуу логикалык суроолорго жооп беришти. Оюн динамикалуу жана достук маанайда өтүп, тажрыйба алмашууга жана коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Кызуу таймаштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор жана белектер менен сыйланышты. Бардык катышуучулар баалуу тажрыйбага ээ болуп колледж аралык катташты бекемдөө максатында кийинки жолугушуу жөнүндө макулдашышты.Мындай иш-чараларды өткөрүү студенттердин интеллектуалдык потенциалын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт, ошондой эле таланттуу жана активдүү жаштарды аныктоого көмөк көрсөтөт. Уюштуруучулар – “Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо” билим берүү ПЦКсынын окутуучулары Ормонова А.Т., Сыдыкова М.Т., Абдрахманова А.А. -катышуучуларга, командалардын жетекчилерине жана өнөктөштөргө активдүү катышуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.
43 11:46 13-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|