Астрономия боюнча өзгөчө сабак: Студенттер аалам сырлары менен таанышышты.
04:30
14-04-2026
30
9.04.2026 күнү ОшМУнун КМОП колледжинин АЯс 9-1-25, ПДс 9-1-25, ПДс 9-2-25 тайпаларынын студенттери үчүн STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Уулжан Абдукадырова, Гулсун Токторбаева, Айсулуу Аманбай кызы тарабынан Астрономия предметинин алкагында атайын моделдик-экскурсиялык сабак уюштурулду. Бул сабактын негизги максаты — аудиторияда өтүлгөн теориялык темаларды практикалык визуалдаштыруу аркылуу тереңдетүү болду.
Сабактын жүрүшүндө студенттер төмөнкүлөр менен таанышышты:
• Асман телолорунун моделдери: Күн системасынын түзүлүшү, планеталардын жайгашуусу жана алардын кыймылы атайын масштабдуу моделдердин жардамы менен көрсөтүлдү.
• Телескоп менен иштөө: Студенттер заманбап телескоптордун иштөө принциптерин үйрөнүшүп, асманды байкоо ыкмалары боюнча алгачкы практикалык тажрыйбага ээ болушту.
• Интерактивдүү талкуу: Экскурсиянын соңунда ааламдын кеңейиши, кара тешиктер жана космостук изилдөөлөрдүн келечеги тууралуу кызыктуу суроо-жооп сессиясы ЭТФ кафедрасынын доценти, ф.-м.,и.к., М.Осконбаев агай менен өттү.
Мындай форматтагы сабактар студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырып, татаал темаларды оңой өздөштүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.