13 апрельден баштап 4 курстун студенттерине практика башталды
01:19
15-04-2026
112
2026-жылдын 13-апрелинен тартып 4-курс студенттеринин «Ооруканада дарыгердин жардамчысы» аттуу клиникалык практикасы башталды. КД2 кафедрасынын окутуучулары студенттерди Ош шаардык клиникалык ооруканасынын, Ош мамлекеттик университетинин клиникасынын ар кандай бөлүмдөрүнө бөлүштүрүштү.
Практика учурунда студенттер ар түрдүү бөлүмдөргө бекитилип, теориялык билимдерин практикада колдонууга, медициналык персоналдын ишине катышууга жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.