ОшМУнун теология факультетинде квалификациялык курс ийгиликтүү жыйынтыкталды.(14.04.26)
03:46
15-04-2026
23
14.04.2026
Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде 2026-жылдын 14-апрелинде 72 сааттык «Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу» курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Бул курс Ош мамлекеттик университетинин квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмү, Түркия Диянет вакфы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.
Серификат тапшыруу аземине ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, Квалификацияны өнүктүрүү борборунун директору, Жороев Ташболот Абдыхаимович Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу Илим-изилдөө институтунун директору, доцент Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович, Муфтияттын Ош шаары боюнча өкүлү Самидин ажы Атабаев, Муфтияттын Ош облусу боюнча өкүлү Султанали ажы Гапуров, Туркия Диянет фондунун директорунун орун басары Фатих Каяжан, теология факультетинин деканы, доцент Арипов Ниязали Турдалиевич, декандын орун басарлары доц. Махмуд Демир, Санжар Тажибаев жана факультеттин профессордук окутуучулук курамы катышып курсту ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырышты.
Курс алкагында катышуучулар диний билимдерин тереңдетип, заманбап талаптарга жооп берген практикалык жана теориялык билимдерди өздөштүрүштү. Окуу программасы дин кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин арттыруу, коомдогу ролун бекемдөө жана диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөдү.
Билим — өнүгүүнүн жолу!