News

Окутуучулар үчүн семинар-тренинг

2026-жылдын 9-апрелинде ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйүнүн адистери менен биргеликте семинар-тренинг өткөрүлдү. 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин (ОМК) түзүлүшү, мазмуну жана аларды адаптациялоо процессин эксперттер менен биргеликте талкуулоо болду. Семинардын жүрүшүндө ОшМУнун математика, табигый илимдер жана башка предметтер боюнча окутуучулары үчүн төмөнкү багыттар боюнча маалымат берилди: Жаңы муундагы окуу китептеринин линиялык түзүлүшү; Окуу куралдарын экспертизадан өткөрүү тартиби; Сапаттуу окуу-методикалык комплекстерди басмага даярдоо. Бул тренинг окутуучулардын эксперттик потенциалын жогорулатууга жана заманбап билим берүү стандарттарын ишке ашырууга багытталган маанилүү семинар-тренинг болду.
94 04:18 15-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|