Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынан коноктор
04:45
15-04-2026
125
2026-жылдын 14-апрелинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Фармацевтикалык билим берүү жана илимий-изилдөө институтунун доцентти Гофуров Н.Н. жана дарылоо иши адистигинин студенттери Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин госпиталдык терапия кафедрасына иш сапары менен келишти. Алгач коноктор үчүн жылуу кабыл алуу уюштурулуп, таңкы сый тамак берилди. Андан соң иш-чара расмий түрдө башталып, визиттин программасына ылайык иш алып барылды.