Ноокат районунун мектептеринде профориентациялык иштер жүргүзүлдү
05:29
15-04-2026
13
Эл аралык билим берүү программалары колледжинин төмөнкү окутуучулары:
Бекназаров Сабырбек Мамасалиевич
Ниёзов Асилбек Исматиллаевич
Студенттер менен биргеликте Ноокат районуна караштуу бир катар орто билим берүү мектептеринде профориентациялык иштерди жүргүзүп келишти.
Профориентация иш-чарасы төмөнкү мектептерде өткөрүлдү:
Абдурасул Абдувоитов атындагы орто билим берүү мектеби
Режап Хужамов атындагы орто билим берүү мектеби
Буваназара Шаназарова атындагы орто билим берүү мектеби
Амир Темур атындагы орто мектеп
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга окуу жай тууралуу кеңири маалымат берилип, адистиктер, кабыл алуу шарттары жана студенттик жашоо тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Окутуучулар жана студенттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бүтүрүүчүлөрдү туура кесип тандоого багытташты.
Мектеп окуучулары активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, тиешелүү жоопторду алышты. Мындай профориентациялык жолугушуулар жаштардын келечек кесибин тандоосуна жардам берип, билим алууга болгон кызыгуусун арттырат.