Жасалма интеллект доорунда — дүйнөлүк тажрыйба ОшМУда
05:55
15-04-2026
5
Жасалма интеллект (AI) тездик менен өнүгүп, дүйнө жүзүндө бардык тармактарга өз таасирин тийгизип жаткан мезгилде, бул багыттагы эл аралык кызматташуулар өзгөчө мааниге ээ болууда. Ушундай маанилүү иш-чаралардын бири катары Кытай Эл Республикасындагы алдыңкы окуу жайлардын бири — Нанкин технологиялык институтунун өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетине атайын иш сапары менен келишти. Бул жолугушууга ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин “Программалык инженерия” адистигинин окутуучулары жана студенттери активдүү катышты.
Конок лекцияны төмөнкү кадырлуу адистер өткөрүштү:
• Жасалма интеллект (AI) факультетинин деканы Zhu Hao
ЖИ (AI)ни окутуу жана илимий изилдөө борборунун директору Zhezhe Han
Лекциянын жүрүшүндө коноктор төмөнкү актуалдуу темалар боюнча кеңири маалымат беришти:
• Жасалма интеллекттин заманбап багыттары
• Инновациялык технологиялардын өнүгүүсү
• Дүйнөлүк тажрыйба жана илимий изилдөөлөр
• AI тармагындагы билим берүү системасы
Катышуучулар үчүн бул лекция жаңы билимдерди алууга, дүйнөлүк тенденциялар менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.
Жолугушуу жогорку деңгээлде өтүп, эки тарап үчүн тең пайдалуу болду. Мындай иш-чаралар билим берүү жана илимий изилдөө тармагындагы байланыштарды чыңдап, келечектеги биргелешкен долбоорлорго жол ачат.
Бул визит Ош мамлекеттик университети менен эл аралык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө чоң салым кошту.