Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин окуучулары, студенттери, магистранттары, аспиранттары жана окутуучулары!
2026-жылкы TEKNOFEST технологиялык жарыштарына каттоо башталды!
Дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технология фестивалы быйыл Түркияда 30-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт. Жалпы 52 категория боюнча жарыш уюштурулуп, 75 млн түрк лирасы сыйлык жана 100 млн лирадан ашык материалдык колдоо каралган.
Каттоо мөөнөтү: 5-мартка чейин
Катталуу: www.teknofest.org
Каттоо боюнча суроолорго жооп алуу үчүн бир жолу гана болуучу онлайн маалыматтык семинарга төмөнкү шилтеме аркылуу катышууга чакырабыз:
27.02.2026
16:00
https://meet.google.com/gew-gfgc-uej
Келечектин технологиясын бирге түзөлү!
ОшМУнун Бизнес паркынын командасы











