News

“Ош МУнун заманбап лектору”, “Ош МУнун заманбап окутуучусу”, “Ош МУнун заманбап СӨАИ чебери”, “Педагогикалык дебют”, “Заманбап окуу-басылмасы” конкурстарынын 2 туру февраль-март айларында өткөрүлдү.

ИПКда 2025-2026-окуу жылына карата ОСжМК бөлүмү тарабынан жарыяланган “Ош МУнун заманбап лектору”, “Ош МУнун заманбап окутуучусу”, “Ош МУнун заманбап СӨАИ чебери”, “Педагогикалык дебют”, “Заманбап окуу-басылмасы” конкурстарынын 2 туру февраль-март айларында өткөрүлдү. Бул конкурстун ар бир аталышы боюнча окутуучулар кызыгуу менен катышып, өз чеберчиликтерин сынап көрүштү. Конкурстун жыйынтыгын чыгарууда комиссия мүчөлөрү баалоо критерийлерине ылайык туура, так баалап, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Конкурстун 2-турунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду. 1. “Ош МУнун заманбап лектору” конкурсунун финалдык туруна жогорку деңгээлде лекциялык сабак көрсөтө алгандыгы үчүн КДПЦКнын окутуучусу Батырова Зарифа Момуновна сунушталды; 2. “Ош МУнун заманбап окутуучусу” конкурсуна 3 конкурсант катышты. Алар: табигый дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Кыдыралиева Тазагүл, КДПЦКнын окутуучусу Абдырайым кызы Жанара жана педагогикалык жана психологиялык дисц. жана социалдык иштер адистигинин предметтик циклдык комиссиясынын окутуучусу Талай кызы. Үмүт өздөрүнүн мыкты педагогикалык чеберчилигин көрсөтүү менен санариптик технологияны жогорку деңгээлде колдоно алгандыгы менен комиссия мүчөлөрүнүн өзгөчө баасына ээ болушту. Ал эми айрым артыкчылыктары менен өзгөчөлөнүп 1-орунду багындыргандыгы үчүн ППДжСИ ПЦКсынын окутуучусу Талай кызы. Үмүт финалдык турга сунушталды. 3. “Ош МУнун заманбап СӨАИ чебери” конкурсуна 2 конкурсант катышты. Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Кудайберди кызы Айзирек финалдык турга сунушталды. 4. “Педагогикалык дебют” конкурсуна 3 конкурсант катышты. Алар: ППДжСИ ПЦКсынын окутуучусу Мирзакаримова Камила, МДЦКнын окутуучусу Кушубак кызы Нуржанат, ФДЦКнын окутуучусу Асанбаева Бермет Акушовна. 1-орунду ээлегендиги үчүн ФДЦКнын окутуучусу Асанбаева Бермет Акушовна финалдык турга сунушталды. 5. “Заманбап окуу-басылмасы” конкурсуна МДЦКнын окутуучулары К. Байгазиев, Эгемназар Кутпидин уулу., А.М. Кочкоровалар даярдаган “Тексттүү маселелерди чыгаруунун теориясы жана технологиясы” дисциплинасы боюнча студенттердин өз алдынча иштерин уюштурууга арналган окуу-методикалык куралы финалдык турга сунушталды.
114 08:33 15-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|