Ош Эл аралык медициналык университети тарабынан морфологиялык дисциплиналар боюнча уюштурулган «Анатомия – это судьба» аталышындагы эл аралык олимпиадага дарылоо иши адистигинин 2-3-курсунун студенттери Абидинова Айпери, Полотбек кызы Айбийке, Гуломов Мухаммадали катышып, 2-орунду багындырып келишти. Олимпиадага жалпы 9 окуу жайдан командалар катышып, алган теориялык билимдерин сынашты, 2-турда анатомия жана гистология предметтери боюнча практикалык көндүмдөрүн, 3-турда хирургиялык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Ийгилик жараткан студенттерибизге жана алардын илимий жетекчиси морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу Жаныбек кызы Каныкей эжекебизге ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.