Haber

Ата-энелер менен тыгыз байланыш – сапаттуу билимдин кепилдиги

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн «Программалык инженерия» адистигинде билим алып жаткан студенттердин ата-энелери үчүн жыйын өткөрүлдү. Жыйынды Жогорку мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Асель Жамаевна ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө окуу жайдын жетишкендиктерине токтолуп, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кыскача маалымат берди. Андан соң бөлүм башчысы Максатбек Омурбекович сөз алып, окутуучулар курамын ата-энелерге тааныштырып, окуу процесси тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ал ОшМУдагы студенттерге берилген стипендиялар, ар кандай жеңилдиктер жана заманбап техникалык базалар боюнча да кенен токтолду. Кийинки сөздү окутуучу Тынчтыкбек Майрамбекович алып, студенттердин жетишкендиктери, ийгиликтери жана ар кандай иш-чаралардагы активдүүлүгү тууралуу кеңири баяндама жасады. Жыйын суроо-жооп форматы менен уланып, ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Жыйындын соңунда ата-энелер Жогорку мектептин аудиториялары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Иш-чара жылуу маанайда жыйынтыкталып, ата-энелер менен жамааттык сүрөткө түшүү менен аяктады. Бөлүм башчысы жыйынга катышкан ата-энелерге ыраазычылык билдирип узатты.
60 06:45 16-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|