News

Эл аралык медициналык факультетинде эл аралык илимий-практикалык конференция

Эл аралык медициналык факультетинде өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга патология, базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын окутуучулары — Сеитова А.С., Мурзалиева А.М. жана Мурзаева М.И. — активдүү катышышты. Конференциянын алкагында окутуучулар заманбап медицинанын актуалдуу маселелерине арналган илимий баяндамаларды сунуштап, өздөрүнүн жогорку кесипкөйлүгүн, илимий даярдыгын жана изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Конференциянын жыйынтыгында алардын баяндамалары эксперттик комиссия тарабынан жогору бааланып, мыкты докладдар үчүн I жана III орундар боюнча дипломдорго татыктуу болушту. Бул жетишкендик кафедранын жогорку илимий потенциалын жана эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүү катышуусун тастыктайт.
122 07:19 16-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|