“Илим жумалыгы” алкагында математика боюнча олимпиада өткөрүлдү
07:26
17-04-2026
39
Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде өтүп жаткан “Илим жумалыгынын” алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн “Программалык инженерия” адистигинин 1-курс студенттеринин арасында “Математика” дисциплинасы боюнча олимпиада өткөрүлдү.
Аталган олимпиада Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Орозов М. О. жана ф.-м.и.к., доцент Мамытов А. О. тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде ишке ашырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгы “Илим жумалыгынын” жыйынтыктоочу күнүндө чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышат.