Бүгүн 16.04.2026 жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде өзгөчө жана маанилүү күндөрдүн бири болду
04:42
18-04-2026
8
Бүгүн 16.04.2026 жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде өзгөчө жана маанилүү күндөрдүн бири болду
Өзбекстан Республикасынан академиялык мобилдүүлүк алкагында келген студенттер жана мугалимдер тажрыйба алмашуу максатында биздин факультетке келишти.
Алар бүгүн биздин кафедрага келип, окутуучулар жамааты менен жакындан таанышып, пикир алмашып, жылуу баарлашуу өткөрүштү.
Ошондой эле коноктор хирургиялык кружокко катышып, практикалык көндүмдөр менен таанышып, кесиптик тажрыйбасын байытып кетишти.
Мындай жолугушуулар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошот!